Интернет желесине оппозициялык маанайдагы саясатчы Адахан Мадумаровдун сүрөтү тарады. Сүрөттөн аталган саясатчынын президент Алмазбек Атамбаевдин жакын кишиси Икрамжан Илмиянов менен чай үстүндө кол алышып жатканын көрүүгө болот. Сүрөт качан, каякта тартылганы жана эмне максатта таратылып жатканы белгисиз.