Бүгүн, 1-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде "Кыргыздагы эң жаш ишкер" атка конуп, желим гүлдөрдү сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жашар Эрмекти колдоо максатында уюштурулган флешмоб болуп өттү.
Сатууга баасы 20 сомдон 500дөй желим гүлдөрдү алып чыгышкан. Анын баары 10-15 мүнөттө сатылып, жалпы эл чогулткан акча каражаты 100 миӊ сомдон ашканын флешмобдун уюштуруучусу Дайырбек Орунбеков билдирет. Ошондой эле бул күнү ага өлкөдөгү курулуш компанияларынын бири тарабынан бир бөлмөлүү батир берилери белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Эрмектин атасы 2 жыл мурун каза тапса, апасы Орусияга иш издеп кеткен. Ал жактан документтерин жоготуп алып, келе албай жатат. Ал эми улгайган таенеси жана жакындары 7 жашар баланын ишкерлиги менен жан багышат. Таенеси желим гүлдөрдү үйдөн жасап берсе, Эрмек аларды кыдырып, сатып чыгат.