Дарыгер: "Ошто Патрулдук милиция кызматкери сүзүп кеткен 12 жашар кыздын абалы туруктуу"

Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери сүзүп кеткен 12 жашар кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда SUPER.KG порталына Ош облустук балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Калдар Айбашов билдирди.

"Жол кырсыгына кабылып ооруканага алынып келинген кыздын абалы канааттандырарлык. Бейтап бир нече жеӊил жаракаттарды алганы аныкталды. Учурда ал жалпы палатага дарылоо үчүн чыгарылды", - деп билдирди Айбашов.

Эске салсак, буга чейин 31-май күнү Ош ОИИБинин Патрулдук милиция кызматкери өспүрүм кызды сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан