"Аватар" тасмасын эстеткен Бишкектеги дарактардын массалык кыйылышы коомчулукта талкуу жаратты

Жаз алды менен Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдү оңдоо, асфальттоо, кеңейтүү сыяктуу иштер башталды. Шаардык мэриянын мындай аракеттери айрым жашоочуларды кубантса айрымдарын катуу нааразы кылды. Анткени жогорудагы жол оңдоо иштеринин баары калааны көрккө бөлөп турган жашыл шаардын талкаланышына алып келди. Бул жолу бактардын массалык кыйылышына борбор калаадагы Токтоналиев көчөсү дуушар болду.

Жергиликтүү жашоочулар канчалык ызы-чуу салып, жашыл шаарды бузбоону талап кылганы менен алардын үнүн эч ким уккан жок. Ал тургай жашыл шаар үчүн күрөшкөн айрым активисттерди милиция кызматкерлери камап салышты. Алардын арасында аялдар да болгон. Милиция алып кетип жаткан энелердин этегине жармашып ый аралаш апалаган наристелер калды. Көркү кетип, чаңы сапырылып, согуштан кийинки талкаланган айылдын көчөсүндөй болгон бул жолдун жашоочулары дарактардын кыйылышын жаратылышка болгон чыккынчылык катары көрүшүүдө.

Ахунбаев көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин 143 даана дарактын кыйылышы боюна маалымат тарап, коомчулукка жарыялангандан кийин социалдык тармактардагы кайдыгер карабаган колдонуучулардын саны арбыды. Алардын катарында айрымдар дарактардын кыйылышын Түркиядагы Гези паркындагы эл менен күч органдарынын ортосундагы кагылышкан окуяларды салыштырышты. Ошол эле учурда Канадалык жана Америкалык кино режиссёр Жеймс Кэмерондун тарткан Аватар тасмасындагы кадрларга окшоштуруп чыгышты.

2013-жылы Түркия өкмөтү тарыхый имараттарды калыбына келтирүү идеясын көтөрүп Гези эс алуу жайындагы бактарды кыйып баштаган. Ага нааразы болгон жашоочулар полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Жыйынтыгында нааразычылыкка чыккандарды көздөн жаш агызуучу каражаттар менен кубалап чыгышкан.

"Бишкек шаардык мэрия, өкмөт, архитектура менен биргеликте Советтер союзунан калган бала бакчаларды, мектептерди, эс алуу жайларын талап тоношту. Эми алар биздин көчөгө чейин келишти. Биз акыркы убактарда жашыл аймактарды "Жеңиш", "Достук" эс алуу бактарынан жана кичи райондордон гана көрүп калдык. Буга чейин мэриянын адистери бактар кыйылбайт деп убадалашкан. Эми келип алып дарактарды араалап кыркып, талкалап жатышат. Демек, алар биздин укукту тебелеп жатышат", - деп нааразычылыгын билдирди жергиликтүү жашоочу Гулфира Мелкина.

Душанбинкадагы бак кыюуну "Аватарга" салыштырса болот
Бишкектеги кыйылып жаткан дарактар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Samina007
2017-06-02 18:54:23
Албек Дровасек!!!кыйраттыго баарын түгүнөн кыркып
+5
Бектурган
2017-06-02 19:48:28
Ушуну күзүндө же эрте жазда жасашса болмок...
+5
Tyty1990
2017-06-02 20:09:56
Кылса да жаман, кылбаса да жаман. Не жагат өзү бизге?
+7
kushtari
2017-06-02 20:39:07
Tyty1990, туура айтасын шаардын жолдорун еенейтип ондосо жакшы да
+6
admiral
2017-06-02 21:13:36
Tyty1990, Кандайча? Ушул ишти өз убагында кылганда эч ким каршы чыкмак эмес! Анан жапжашыл болуп, көктөп турган дарактарды суусун чыгарып кесип атса кимдин зеени кейибейт? Тем более ал дарактарда канаттуулардын уярында жаңы ачылып, эттери көрүнгөн балапандары бар экен! Алардында убалы барда. Жаңы ачылган балапандарды ысык жаткан жеринен козгогон Кудайга да жакпаса керек!
+7
Tyty1990
2017-06-02 22:05:54
admiral,жазында сен кайда элең. Өзүң барып кылбайт белең.
-5
Polumna
2017-06-02 21:21:13
Жолдорду жакшынакай кылып оңдосо экен. Ушул үчүн дарактарды кыйды беле дегизбей. Ансыз деле кайра жаңылары тигилет эле да.
+3
alibekova94
2017-06-02 22:15:12
Азыр мындай корунушко даяр эмесбиз менимче, коросунор кесеринче кесип алып ордуна болбогон таштак жол салат, андай жолго караганда жапжашыл болуп дарактар турса сонун да. Кудайга оздору жооп берет эмне иш жасаса да, бирок мен бактардын кйылышына каршымын.
+2
Neizvestno777
2017-06-03 03:17:51
Булат жаман копту да кыйратып жол сала тургансып ,
+1
aydinnur
2017-06-03 15:29:58
Баарынан да кечээ кечинде адам кылбаган жорукту жасагандары свеча жагып эскергендерин кантесиң(((ал жердеги бомждарга эле кыйын болду,уюгу болчу бактардын арасы....ошолорго боор ачыганды үйрөнсөк жакшы болот беле,алар да адам го биринчи кезекте,балапандарды коё туруп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан