"Альфа Телеком" Жабык акционердик коомунун (MegaCom) 100 пайыздык мамлекеттик пакеттеги акцияларын ишке ашыруу үчүн бүгүн, 5-июнда боло турган аукцион өткөн жок. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматынан SUPER.KG порталына маалымдалгандай, аукциондун өткөрүлбөй калуусуна ага катышуу үчүн арыздардын түшпөгөндүгү себеп болду.
"Альфа Телеком" ЖАКсынын 100 миң 100 даана акциясы коюлган аукционго катышууну каалагандардын арызын топтоо ушул жылдын 2-июнуна чейин жүргүзүлгөн.
"Бирок бул убакытка чейин катышуучулардан арыз келип түшкөн жок. Буга байланыштуу аукциондорду даярдоо жана жүргүзүү боюнча түзүмдөр аралык комиссия аукциондун өтпөгөнүн жарыялады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду КРнын мыйзамынын негизинде аталган объектти менчиктештирүү боюнча жумушту улантат", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик менчикти аукциондо сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндөгү жобого ылайык, аукционго катталгандардын ичинен 2ден кем эмес катышуучу келген учурда гана өткөрүлөт.