Өлкөдөгү ун өндүрүүчүлөр бүгүн, 7-июндагы маалымат жыйынында сырттан ташылып келип жаткан буудайга жана өндүрүлгөн унга кайрадан салык төгүүгө милдеттендирген мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев тарабынан сунушталууда.
"Дан" мамлекеттик ишканасынын директору Алга Кылычов мыйзам долбоору кабыл алынса, ишкерлер чоң зыянга учурай турганын эскертти.
“Кенжебек Бокоев ойлонбой киргизип жаткан мыйзам долбоору ишкерлерге чоң зыян алып келет. Бажы биримдигине киргенибизден кийин өндүрүш тармагы алдыга жылуусу керек болчу, бирок андай болбой жатат. Бокоевдин сунушу өндүрүүчүлөрдү чөгөлөтүп, оор шартты жаратышы күтүлүүдө. Азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч келтирип жатат. Өкмөт буга абдан көңүл буруш керек. Мыйзам долбоору кабыл алынса ишкерлер гана эмес дыйкандар да зыянга учурайт. Дыйкандардын буудайынын 70 пайызын биз гана алабыз. Казакстандан келген ун менен аралаштырып келебиз. Биз өндүргөн өндүрүштөн малга да жем чыгарабыз. Мал баккандарга да зыян келет", - дейт Кылычов.
Маалым болгондой, ата мекендик ун өндүрүү тармагындагы ишканаларды колдоо максатында 2016-жылдын январь айынан тартып салыктан бошотулган.