Экономика министрлигине караштуу Экспорт жана инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин жетекчиси Алымбек Орозбековго катуу сөгүш берилди. Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу чыкканын 7-июнда өкмөттөн билдиришти.
Буга чейин маалымат каражаттарына 2016-жылдын октябрында "Супара" этнокомплексинде премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда чет элдик делегацияны тосууга аталган агенттик 150 миӊ сом жумшаганы тууралуу маалымат тарап, документтер жарыяланган. Бул боюнча өкмөттүк аппарат кызматтык иликтөө жүргүзгөнү белгилүү болду. Анын жыйынтыгы тууралуу булар айтылат:
"Экспорт жана инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин документинде көрсөтүлгөн маалымат чындыкка туура келбейт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын октябрында "Супарада" чет элдик делегация катышкан кечки тамакта болгон эмес".
Мындан улам агенттиктин директоруна катуу сөгүш берилсе, бухгалтердик документтерди туура эмес толтурганы үчүн агенттиктин башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу иштен айдалды.