Иранда парламенттин имаратына ок атылды, 8 адам көз жумуп, 33 жаран жабыркады

Бүгүн, 7-июнда Ирандын борбору Тегерандагы мамлекеттик мекемелерге бир убакытта белгисиз адамдар тарабынан ок чыгарылды. Жергиликтүү маалымат каражаттары кол салуунун кесепетинен 8 адам көз жумуп, 33 жаран жабыркаганын маалымдайт.

Белгисиз адамдар Ирандын парламентинин имаратына кирип, күзөтчүлөргө ок чыгарышкандыгы жазылат. Бул убакта депутаттар имараттын ичинде болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, парламенттеги кол салуудан 8 адам жабыркаган. Алар күзөт кызматкерлери жана депутаттар менен жолугууга келген жергиликтүү тургундар. Күзөтчүлөрдүн бири көз жумгандыгы да айтылды.

Ирандын парламентинин депутаты Акбар Ранжбарзаде парламентке кол салгандар жакын жердеги имаратка качуу аракетин көрүп жатканда кармалганын билдирген. Ок чыгаргандар үчөө болгон. Алар Калашников автоматы жана тапанча менен куралданышкан.

Ушул эле учурда дагы бир куралчан топ имам Хомейнинин мавзолейинин жанында ок чыгарышкан. Бул жерде да көз жумгандар жана жабыркагандар бар. Кол салгандардын бири аял киши болгону маалымдалып, ал полиция келгенге чейин жарылуучу каражатты жардырууга үлгүрүп, өзү да каза болгон. Алардын дагы бири полиция тарабынан жок кылынган.

Тегерандагы бул кол салуу боюнча "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчиликти алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
scorp
2017-06-07 22:10:20
Биз дагы ушинтсек окшойт ак уйдун алдына барып!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан