МЕДИА-ПОРТАЛ: Съездбек Искеналиев "Мына минтип" ырына клип тартуу үчүн атайын бийлегенди үйрөнгөнүн айтат

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү шаӊдуу тартылып, бийлөөгө чакырган клиптердин бири - Съездбек Искеналиевдин "Мына минтип" ырынын клиби. Ырчы аталган клип тууралуу SUPER.KG`ге буларды билдирди:

"Кичинебизде "Мышык-чычкан ойнойбуз, мына минтип" деп ойночубуз. Ыр ушул оюндан келип чыккан. Алгач өзүм обон чыгарып, сөзүн Акбар Кубанычбеков деген жигитке жаздырттым. Байкасам, бийлөөгө ыӊгайлуу, өзгөчө улуттук аспаптардын коштоосу менен жазылган музыка жокко эсе экен. Андыктан дал ушул нерсени камтуу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Клиптин идеясы мага таандык, каармандарды да өзүм тандадым. Ал эми канча каражат кетиргеним сыр боюнча калсын", - дейт ырчы.

Ошондой эле ал клип үчүн атайын бий ийримдерине барып, бийлегенди үйрөнгөнүн айтат.

"Клипке тартылуу үчүн 2 жума бий ийримине бардым. "Санжыра" бий тобунун жигиттери "Мына минтип" клибине атайын бий кыймылдарын иштеп чыгышты. Буюрса, концерттеримде эми кандай бийлей аларыма күбө болосуздар", - дейт ырчы күлүп.

Съездбек Искеналиевдин "Мына минтип" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kunbeken
2017-06-07 18:32:30
байкелердин курсактары кантет ай )))
+3
bosmos777
2017-06-07 18:51:48
ушул такыр жакпайт!!!
+2
scorp
2017-06-07 22:07:25
Клибинде бийлегени деле корунбойтко анын несин уйронуптур, бул ырчынын эн жаман жана позор ыры ушул ыр болду!!!
+1
AykaMer
2017-06-08 00:40:46
Бийди жакшы тандаптыр,бирок жеткире бийлей албаптыр. Уялып кыймылдай албай калган жерлери билинип калган. Айрыкча озбекче бийлеп жатканда. Бироолордун бийин бийлээрден алдын биринчи алардын бийлегенин корсо жакшы болмок экен...
-2
Birimdik5555
2017-06-08 02:36:32
Азамат,ийгилик
-1
Alibay
2017-06-08 10:50:29
коргондо итиркейди келтире турган болуп калыптыр...
-1
amirrus
2017-06-08 16:04:02
бир нерсе эле боло берет ушул киши
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан