Боинг кырсыгынан каза болгондордун туугандары реабилитациялык максатта Түркияга эс алууга кетишти

Бүгүн, 8-июнда Боинг-747 учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркиянын Анталья шаарына эс алууга кетишти. Эс алууга кеткен бардык 39 жарандын чыгымдарын түрк тарап өзүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушууда Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүк комиссия түрк тарап менен, анын ичинен "ACT Airlines" жана камсыздандыруу компаниялары менен каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

"Түрк тарап менен сүйлөшүүдө каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды реабилитациялык этаптан өткөрүүдө балдар үчүн эс алуу уюштуруу боюнча да шарттар коюлган. Өкмөттүк комиссиянын иши аягына чыгар алдында турат. Компенсациялар төлөнүп берилгенден кийин түрк тарап менен биргеликте, берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчёт берилет", - деди Биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр бул жолку эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам бере турганына ишеним артарын айтты.

Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Түркияга кеткен каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт.

Айта кетсек, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына "Боинг-747" учагы кыйрап, 39 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
meni_kut
2017-06-08 15:17:44
олгондорго жалко.Орозо алардын сообуна куран тушуруп койгула.
+3
Ma9
2017-06-08 15:32:39
Олгондор олуп Кети болуптурда бул жагы
+4
Ajar812
2017-06-08 19:20:49
Оба да олгондор олуп кетти эс алуу эмес башка кор турмуш менен кайран эл
+2
evra_kg
2017-06-08 19:53:42
Ошол бир миллиондон бербей эле туркияга эс алганы жибербепсинер башта эле алардыда кыйнабай озунордуда кыйнабай
+3
maratbek88.88
2017-06-08 20:18:12
элден чогулган акча не болду болунуп буттубу ошондо де дагеле журушову ойлонуп тордогулор
+3
Begimkyz
2017-06-08 20:36:56
Аппей жакындары кантип барышат экен эс алганы, өлгөндүн өзүнүн шору дегени ушул окшойт да.
+5
mishonia8077
2017-06-08 21:40:52
Кудайым сактасын мындай кырсыктан...Барбай эле коюшпайбы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан