Нарын шаарында 8-июнда жергиликтүү жаштар Борбордук Азия университетинин студенттерине чара көрүп берүү талабы менен акцияга чыгышкан. Аталган университетте Тажикстандан келип окуган студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып кеткен. Жергиликтүүлөр чет элден келген студенттердин, алардын айрымдарын өз мекенине кетүүсүн талап кылышкан. Талап койгон учурда университеттин мугалимдери да болушкан.
Нарын шаарынан өз атын атагысы келбеген тургун SUPER.KG'ге милиция кызматкерлери 27-майдагы жаңжалга катыштыгы бар деп жергиликтүү айрым жаштарды кармап кеткенин, кечээ чет элдик студенттердин кармалганын кабарлады.
ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев бул маалыматты төгүндөдү. "Эч ким кармалган жок. Бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, университеттин мугалимдери, студенттер, аксакалдар, жаштар жана милиция кызматкерлери жолугушуу өткөрүп, маселени талкуулашмакчы. Кечээ да Нарын жаштары маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн университетке келишкен. Бирок чет элдик мугалимдерге алардын сөзү туура эмес которулуп калгандыктан, ал түшүнбөй калып, чөгөлөп жиберген экен. Ошого карабай тынч эле тарап кетишкен. Бүгүн да бул боюнча жолугушушмакчы", - деди.
Ошону менен бирге милиция кызматкерлери окуянын кандай башталганын карап чыгып чара көрөрүн кошумчалады.