Орусиядагы баласын күткөн эненин уулу үн катты. Екатеринбургда документи жок мекенине кете албай жүргөнү, ичип кеткени айтылууда

Орусиядагы баласын күткөн эненин уулу үн катты. Бүгүн интернетке "мен барам, апа" деп ыйлап, кайрылуу жасаган жигиттин видеосу тарады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары каарманды энеси издеп жаткан Замирбек Атамкулов деп болжолдошууда.

Учурда Екатеринбургда эмгектенип жаткан мекендешибиз Аида Осмоналиева SUPER.KG`ге Замирбекмин деп апасына кайрылган жигитти видеого тартып алганын айтты. Анын айтымында, аталган шаардагы кыргыз мигранттары иштеген дүкөндүн айланасында бул жигит акыркы күндөрү пайда болуп калган.

"Видеону бала абдан ыйлап суранганынан тартып алдым. Өзүм азык-түлүк дүкөнүндө иштейм. Бирге иштеген кыз экөөбүз аны апасы издеп жаткан жигитке окшоштуруп, "атыӊ Замирбек эмеспи?" десек, "жок, Фурхат" деди. Бул жакка арак ичкени көп келет. Анан урушсак, документи жок экенин айтып ыйлады. "Сен Замирбек элесиӊ го, көрчү ушул видеону" деп эненин видеосун көрсөтсөм, өкүрүп ыйлап чыгып кетти.

Ошондон кийин күндө келет, "апамдын видеосун көрсөтүңүзчү" деп суранат. Башында көрсөтүп жүрдүм, бирок баланын ыйлаганын, кыйналганын көрүп, көрсөткүм да келбей калды. Анан кечээ, 13-июнда келиптир "мени тартып видеону интернетке киргизип бериңиз" деп суранды. Аты Замирбек экенин моюнуна алып, документтериме жардам берсе кетет элем дейт. Жардам берчүлөр деле бар. Бирок бул апасы издеген Замирбекпи же башкабы белгисиз. Мүмкүн, жөн эле жардам алгысы келип айтып жатабы, билбейм. Эненин видеосун көрүп ыйлаганын, келип суранган абалын көрүп ошол эле жигит го деп үмүт артып жатабыз", - дейт Аида Осмоналиева.

Белгилей кетсек, 19-май күнү уулун издеген улгайган эненин видеосу интернетке тараган. Ал 3 жарым жыл мурун Орусияга иштегени кетип дайынсыз болуп жүргөн уулу Замирбек Атамкуловду табууга жардам сурап кайрылган болчу.

Буга чейинки маалыматтарда Замирбек Атамкуловдун Екатеринбург шаарында жүрүшү мүмкүндүгү айтылган.

Орусиядагы баласын күткөн эненин уулу үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Dilbaranurdinova
2017-06-14 13:42:14
Урматту супер инфо апасынан интервю алгылачы сураныч
+3
admin_superstan
2017-06-14 16:31:54
Dilbaranurdinova, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Nevestkaa
2017-06-14 13:49:58
Ал эмес.Бул бала сары жүз экен ал кара тору болчу го таптакыр башка адам бул.
+2
bekainur
2017-06-14 13:49:59
Мен ушул Замир Атамкуловдун айылынан болом,бул таптакыр башка бала,кейпи,үнү такыр ойшобойт.
+3
aziret-92
2017-06-14 13:52:18
Арадан 4жыл отуптур,балким чын эле Замрбектир,ичип журуп арыктап,мурду-башы шишип озгоргондур.
Мен дагы 2010-ж алган паспортумдагы суротту корушуп,бул сен эмес деп ишенишбейт банктан акча которуулар болгондо,ж.б.у.с. паспорт керек болгон жерлерде.Дагы жакшы бетимде кал бар экен,ошол менен доказать этем кобунчо.
+4
Aquarius84
2017-06-14 14:07:34
Мурду узун экен бул кишинин.
+2
meni_kut
2017-06-14 14:22:38
Такыр окшобойт,арыктаса баш соок арыктабайт го,мунун мурду ичке узун,а Замирди чон эле мурду.Бул жашыраак экен.Балким видеону коруп оз апасын ушул кемпирдин абалында жургонун эстеп ыйлагандыр.
0
Gupa
2017-06-14 14:26:11
Мен дагы окшоштура албадым, эгер ошол деп алчу болсоң, тиги киши жашарып, бирок жүдөп кеткендей болот экен. Мурду да башка. Менин паспорттогу 9-класстагы сүрөтүм такыр башка, бирок мурдум ушул эле мурдум) Кашы да башка экен. Мурун менен каш өзү өзгөрбөйт болуш керек. Эмнеси болсо да, талаада эмес, мекенине келип ичкенин таштап оңолуп кетсин бул киши.
+1
meni_kut
2017-06-14 14:33:06
Супер инфо маалыматты тактагылачы,карындашы байланышкан элего силерге,номери болсо керек.Сурагылачы бир боору тааныса керек.Адам озгорсо козунон тааныйт бир туугандары.Жооп кутобуз.
0
admin_superstan
2017-06-14 16:31:58
meni_kut, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
meni_kut
2017-06-14 14:34:25
Замир 41 жашта а бул бала жашыраак корунду такташ керек
0
Fatimka
2017-06-14 15:30:17
Бу башка адам. Такыр окшоштугу жок.
0
jonne
2017-06-14 16:04:47
Бул башка бала болуп калпы чыгып калды орозо айында мындай нерсе тез эле билинип калат турбайбы???? Катседа кыргызстанга кетириш керек
+1
meni_kut
2017-06-14 17:22:16
84-жылкы Шавкат деген аферист бала экен,такталды го.Аферист.
0
admin_superstan
2017-06-15 10:09:24
meni_kut, бул тууралуу ушул жакта жазылган: https://www.super.kg/kabar/news/191323/
0
meni_kut
2017-06-14 17:25:18
чыныгы Замкоо табылып калчы,кабарынды билдирчи.Карачы сенин ордунда башкалар болгусу келип атат.Энени кубандырчы табылып.
0
suimon302010
2017-06-15 02:25:32
Биз да Москвада турабыз,биз жашаган метронун жанында,5-6 кыргыз кишилер да бомж болуп журушот,кундо ичишип кочодо,жаштары да бар,Аллахым арактан алыс кылсын. А эненин озунун баласы табылсын ылайым аман эсен!!
0
arzygulR
2017-06-15 13:44:40
Эрки жок адамдар ушинтип бомж болуп кетет кыйынчылыка чыдаш керекта ата энеси кандай гана умут мн чонойткон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан