Депутат "балдарга жөлөк пул берүү мыйзамы кабыл алынса, байлар дагы ала алат экен" деп нааразы болду

"Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев балдарга жөлөк пул берүү мыйзамы кабыл алынса, байлар дагы алып ала турганына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

"Эгерде аз камсыз болгон үй-бүлөнүн эки эле баласы болсо жөлөк пул албай калабы. Бай кишинин 4 баласы бар болсо алар алабы? Ушул социалдык камкордукпу? Бардыгына жөлөк пул берүү туура эмес. Муктаж болгондорго берүү керек. Ошондуктан аты жөлөк пул. Бүгүнкү күндө эки баласына 900 сомдон алып жаткан үй-бүлө эртең албай калат", - деди ал.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорун министрлик колдой турганын айтты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр дагы албай калып жатат.

Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Карамат Орозова балдарга байланыштуу мыйзам долбоорду саясатташтырбоого чакырды. Орозова Кыргыз мамлекетинде бай, кедейлерди аныктоо кыйын экенин айтып, байлар жөлөк пул алууга арыз бербеши керек экенин кошумчалады.

Айта кетсек, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилмекчи. Ошондой эле 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан