Депутаттар бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда колдошту

Бүгүн, 14-июнда парламенттин жыйынында депутаттар бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда колдошту. 106 депутат "макул" деп, 4 депутат "каршы" деп добуш беришти.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев балдарга жөлөк пул берүү мыйзамы кабыл алынса, байлар дагы жөлөк пул алып ала турганына нааразы болгон. Ошондой эле айрым эл өкүлдөрү мыйзам долбоор өтсө каражат табыларына күмөн санашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jigit.paren
2017-06-14 16:40:07
Жакшы жаңылык экен
+1
Revolyutsiya2
2017-06-14 18:38:47
Пособиенин суммасын кайра азайтып жатышыптыр!!! Дагы Россия менен Казахстанды кууп жетебиз деп коюшат!!!
+3
Elia2015
2017-06-15 09:31:00
ошондо кимдер алат? азыр уйундо холодильнигин бар экен деп да аз камсыз болгон уйбулоолордун пособиесин кыскартып жатат го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан