БШК: "Президенттик шайлоону өткөрүүгө 671,5 миллион сом кетет"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоодогу чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекитти. Бул каражаттын болжол менен 538,8 миллион сому биринчи тур, калган 132,6 миллиону экинчи тур үчүн каралды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда БШКнын отурумунда айтылды.

Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы бул сметаны өкмөткө жиберет. Өкмөт анын негизинде каржылоону камсыз кылышы шарт.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-июнь күнү 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоону өткөрүү боюнча токтом кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Altyn2017
2017-06-14 18:28:59
Каяктагы цифралар мына дагы канчасы шайлоонун арты менен байып алат экенда!
+3
Revolyutsiya2
2017-06-14 18:31:43
БШК сандарды асмандап алып жаза берет экен да!!! Биз БШКдан бул сумманын сметасын талап кылабыз, акыркы тыйынына чейин!!! Шайлоону шылтоолоп акча жегендерин токтотушсун! Шайлоого мынча акча кетпейт!!!


СуперИнфо, БШКдан бекитилген болжолдуу сметасын коомчулукка жарыялоонорду суранабыз, акыркы тыйынына чейин.
+6
pixduel1
2017-06-14 18:32:27
Кайдагы жалган создорду айтып элге лапша илгендин ордуна элдин козу ачыла турган иш кылсанар мынча акча кетпейт! Ишенимден калган эн жаман! Ортодо ырчылар, бийчи,алып баруучулар эле пайда корбосо элге ал акчанын пайдасы да жок! Албетте эки тыйынга голосун саткандар бар бирок алар да акча алаарда башын иштетсе болот, бул бир кундук нерсени деп беш жыл нааразы болосунар анан!
+5
Kicha
2017-06-14 19:29:30
БШК уялбайсынарбы элдин акчасын жештен антип акча кетиргендин ордуна ким президенттикке талапкер болсо ошолордон албайсынарбы уяты жоктор элден наалат алгандан башкага жарабадынар
+5
tynkatar03
2017-06-14 21:35:14
Еще 2 3 турга деп болуп коюшкан го))
+2
bakulya2015
2017-06-15 00:05:06
туура эмес уятта не кереги барбир инсанды шайлаш учун ошончо акча коротуп. Шайлоо убагында кагаз гезит рекламаларын азайтып ал акчадарга башка ишти кылса жакшы болмоок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан