Бүгүндөн тарта президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталат

Бүгүн, 15-июндан тарта Кыргыз Республикасында президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталат. Ал 1-августка чейин уланат. 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлөт.

Мыйзамга ылайык, талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоп, 1 миллион сом көлөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгүш керек. Расмий түрдө талапкер болуп катталыш үчүн партиянын көрсөтүүсү керек. Эгер жаран өзүн-өзү көрсөтүп жатса, тиешелүү расмий кагаз толтуруп БШКга кайрылышы зарыл.

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жаштан кичүү эмес жана 70 жаштан улуу эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 4-ноябрга чейин жарыялашы шарт. Шайлоону чагылдыра турган массалык маалымат каражаттары 4-июлга чейин БШКга үгүткө катышууга ниетин билдириши керек. БШК президенттик шайлоодогу чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекиткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aima94
2017-06-16 03:03:35
Оооу мынча миллион каяка коротулат экен. Мен Бабановго добуш берем! Москвада посольствага барып добуш беребизби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан