Иса Өмүркулов “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылбай жатканына нааразы болду

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Коопсуз шаар” долбоору чечилбей жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июнда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

“Коопсуз шаар” долбоору 4 жылдан бери ишке ашпай келет. Качан бул маселе чечиле турганы белгисиз. Жалпы дүйнөдө кылмыштуулуктар көп болуп жатат. Бизде болсо аталган долбоор ишке ашпай келет. Ички иштер министрлиги долбоорду аткарыбыз деп алышып эч нерсе жасашкан жок. Соттор өтүп жатат деп жатышат. Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясына бериш керек. Бул убакытка чейин инвестор таап, программа иштеп баштамак”, - деди ал.

Фракциянын жыйынында өлкөдөгү жолдорду куруу жана оңдоо чөйрөсүндөгү абалы талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан