Бир канча убакыттан бери нике шакегин тагынып жүргөн орусиялык ырчы Нюша турмушка чыгууга кызуу камданууда жана үлпөт тоюн Мальдив аралдарында өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта Мальдив аралдарында эки жаштын жакын адамдарынын гана коштоосунда өтөрү айтылат. Буга чейинки маектеринде "Эне болуу – кандай бакыт! Эгер мындай бакыт мага буюрса, аны карьерамдан алда канча бийик коём” деген Нюша турмуш курууга жана эне болууга олуттуу даярданып жаткан кези.
Белгилей кетсек, 24-январда ырчы күйөрмандарын күтүүсүз жаңылыгы менен, тагыраагы, турмушка чыгып жатканын айтып таң калтырган.
Жеке жашоосу тууралуу маалымат берүүнү жактырбаган ырчы сүйүктүүсү жөнүндө эч нерсе айтпай келет. Бирок журналисттер Нюшанын болочоктогу жолдошу - Орусиянын Эл аралык студенттик спорт федерациясынын башкы кеңешчиси, 37 жаштагы Игорь Сивов экенин, ал мурун үйлөнгөнүн, эки баласы бар экенин айтып чыгышкан.