Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы Орусиядагы чек арадан кармалган 4 кыздуу жалгыз бой келинди камактан чыгаруу боюнча мыйзамдуу аракеттерди дүйшөмбү күнү гана көрсөтө баштайт. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Медетбек Айдаралиев SUPER.KG'ге билдирди.
“Биз дүйшөмбү күнү Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги, бардык консулдуктар жана диаспоралар менен сүйлөшөбүз. Албетте, чет жактагы 4 кичинекей кыздын апасынын тагдыры жөнүндө маселе жаралып жатат. Тилеке каршы, бүгүн жана эртең дем алыш болгондуктан эч нерсе жасай албайбыз. Биз бул боюнча болгон мыйзамдуу аракеттерге барабыз”, - деди Айдаралиев.
Эске сала кетсек, Екатеринбург шаарынан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыева Орусиянын чек арасынан камакка алынганы айтылган.