Бүгүн, 19-июнда Бишкекте “Ак Шумкар” саясий партиясынын VII съезди өттү. Күн тартибиндеги негизги маселе катары партия лидери Темир Сариевди президенттик шайлоого көрсөтүү маселеси каралган.
Партиянын съездине өлкөнүн 7 дубанынан келген делегаттар катышты. “Бул шайлоо ачык-айкын өтөт деп ойлойм. Президент Алмазбек Атамбаев бул шайлоонун таза өтүшүн камсыздайт деп ишенем. Кээде ашыкча мактанып кеткен жайыбыз бар. Өнүгүп-өсөлү десек, чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнөлү. Мамлекетибиз майда кадамдар менен өнүгүп жатат”, - деди президенттикке аттанып жаткан Сариев.
Мындан тышкары партия лидери үч бөлүмдөн турган программасы менен тааныштырды. Анда мамлекетти мыйзамдуу талаага алып келүү, өлкөнүн бүтүндүгү жана интеграциялык саясат жүргүзүү маселеси камтылган.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн 2017-жылдын 15-октябрына дайындаган.