Ысык-Көл облусунда газ саткан жай өрттөнүп 2 адам каза таап, 8 адам жабыр тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт толугу менен өчүрүлүп керектүү чаралар көрүлүп жатат. Өрт болгон жердеги окуяны көзөмөлгө алуу үчүн Бишкектен Өрткө каршы мамлекеттик башкармалыгынын башчысынын орун басары жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман Ананьево айылында унаага май куюучу жайда өрт чыкканын кабарлаган.