19-июнда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапары менен Москвага барды. Ушул эле күнү мамлекет башчы Орусиянын президенти Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Өлкө жетекчилери тамактануу учурунда пикир алышты.
Президенттик аппаратка таянсак, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, сапардын алкагында өтүүчү эки тараптуу жолугушуулар жаатында сүйлөшүү жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, сапар алкагында Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти, премьер-министри, Татарстан жана Башкортостандын президенттери менен жолугушуу өткөрөт.