Ананьеводогу жарылуу боюнча кылмыш иши козголду

Ананьеводогу жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ананьево айылындагы жарылуу боюнча Ысык-Көл РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 142, 236, 238-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмыш иштери эмгекти коргоо эрежелерин бузуу, жарылуу коркунучу бар заттардын сакталышындагы эрежелерди бузуу жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынын негизинде ишке ашырылат. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 19-июнда Ананьево айылындагы жарылуудан 2 адам каза болуп 8 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tansuluu09
2017-06-20 13:33:25
Ысык -колдогу Ананьево айылындагы деп жазгылачы
Болбосо дагы кайсыл жерде жарылуу болуптур деп ойлойт экенсин
0
briliant87
2017-06-20 16:01:55
Tansuluu09, Ошону айтсан
0
aravan.kg
2017-06-20 13:58:46
Жапаровду куноолошпосо эле болду эми
-1
Aibekaiym
2017-06-20 14:28:47
aravan.kg,причем тут Жапаров ойлонуп жазсанар жазат десе еле жаза бербей Жапаровдун фанаты окшойс.
+3
aravan.kg
2017-06-20 15:07:27
Aibekaiym,фанаты эмесмин бирок аны колдоймун
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан