Бүгүн, 20-июнда Кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштери талкууланып жаткан кеңешмеден Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкты.
Орун басар өзүнүн отчётун окуп жатканда өкмөт башчы аны токтотуп, суроолорду бере баштады. Бирок тийиштүү жооп ала албаган Жээнбеков: "Чоң-Алайда жарык, таза суу, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! Эгер мен азыр жумуштан айдап жиберсем, Жээнбеков мени жөн эле айдап жиберди деп айтасың.
Бул жерге келерден мурда Ошко чалып, ал жакта эмне болуп жатат, качан даяр болот деп сурап койбойсуңбу? Эмнеге өзүң чалбайсың өзүңдүн структураңа?
Чык бар! Эу, чык эшикке!" - деп ачууланып залдан кууп чыкты.
Эске салсак, жаз айларында Оштун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда жаратылыш кырсыктары катталып, бир нече үйлөр жараксыз абалга келген. Өкмөт кыш айларына чейин жабыр тарткан элдин турак жай маселелерин чечип берүүсү керек.