Министр жөлөк пулга муктаж эмес адамдар мамлекеттен акча алып жатышканын айтты

Жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорунан "аз камсыз болгон үй-бүлө" деген түшүнүк алынып салынды. Бул тууралуу маселени бүгүн, 21-июнда парламенттин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал эмне үчүн аталган түшүнүк мыйзамдан алынып салынганын сураганда, министр Таалайкүл Исакунова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул өзүнүн максатына жетпегенин айтты. Ал билдиргендей, учурда жөлөк пулга муктаж эмес адамдар кандайдыр бир жол менен мамлекеттен жардам катары акча алып жатышат. "Эгерде жөлөк пулдар бардыгына бериле турган болсо, коррупциялык элементтер жоюлат", - деди Исакунова.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат. Анда жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
A.Alymbek
2017-06-21 13:27:11
Ал билдиргендей, учурда жөлөк пулга муктаж эмес адамдар кандайдыр бир жол менен мамлекеттен жардам катары акча алып жатышат-ошол жолдорду кимдер уйротуп жатты болду экен.
0
Begmat1992
2017-06-21 21:13:57
Ким акчага муктаж емес ак уйдо олтургандар доларывый миллионерлер акча деп эмнелерди кылбай жатат
0
Alimedina
2017-06-21 23:57:52
Биздин диагноз ДЦП....кагаздарды толтуруп барганбыз коруп туруп комиссия откорбой койду....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан