Бүгүн, 22-июнда эртең менен саат 07:00 чамасында Бишкек шаарындагы "Ак Кеме" мейманканасы 300дөй милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Аталган мейманкана жетекчилигине байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми мейманкананы мамлекеттин карамагына өткөрүп жаткан кызматкерлер "Бул боюнча атайын өкмөттүн токтому бар. Ошол токтомдун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери келип иш алып барууда. Мекеменин кызматкерлери имараттан чыгарылган. Ошол себептен мурдагы жетекчилик бул жерде жок", - деп жооп беришти.
Эскерте кетсек, буга чейин "Ак Кеме" мейманканасынын жеке менчик ээси менен өкмөттүн ортосунда мүлктү тең экиге бөлүү же эки тараптын ортосунда келип чыккан айырманы төлөө боюнча соттун чечими бар экенин мейманкана жетекчилиги айтып чыккан. Бирок буга карабастан, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду имаратты өз карамагындагы ишкана кылууну талап кылгандыктары айтылган. Ал эми бүгүн аталган фонддон бул боюнча өкмөттүн атайын токтому бар экенин билдирип, имаратты курчоого алуу мыйзамдуу экенин кабарлашты.