Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы газ саткан жайдагы болгон жарылуудан жабыр тарткандардын бири каза болду. Мындай кабарды бүгүн, 22-июнда Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтуусунда денеси 100 пайыз күйүккө чалдыккан Абдыбек Бейшекеев аттуу жабырлануучу бүгүн эртең менен саат 06:00дөр чамасында көз жумган.
Эскерте кетсек, 19-июнда Ананьево айылындагы газ саткан жай өрттөнүп 2 адам каза таап, 8 адам жабыр тарткандыгы маалымдалган.
Адистер жарылуунун себеби коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болушу мүмкүн экендигин билдиришкен эле. 20-июнда окуя боюнча Ысык-Көл РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 142, 236, 238-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.