Бүгүн, 23-июнда жол коопсуздугу боюнча форумда резолюция сунуш кылынды. Анда өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Ички иштер министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине жол коопсуздугун жоюу боюнча сунуштар жазылган.
"Өкмөт тез аранын ичинде “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруусу керек. Билим берүү министрлиги мектептерде жана башка окуу жайларда жол коопсуздугу тууралуу окутуулардын саатын көбөйтүүсү зарыл", - дешет форумдун катышуучулары.
“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси 2018-жылды Жол коопсуздугунун жылы деп жарыялоону сунуштады. Жол коопсуздугу боюнча форумга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары, автомектептердин окутуучулары, жолго тиешеси бар коомдук бирикмелер, ИИМдин, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү катышты.