ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте жолдо бараткан унаанын үстүнө бак кулап өспүрүм кыз оор жаракат алды

Бүгүн, 23-июндагы катуу шамалдан Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө бараткан Мерседес-Бенц спринтер унаасынын үстүнө бак кулап, айдоочунун колу сынып, жанындагы 5-класста окуган карындашы оор жаракат алды.

Бул тууралуу SUPER.KG'ге окурман билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган өспүрүм Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген. Өспүрүм эс учун жоготуп, эсине келе элек.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкекте унаанын үстүнө дарак кулап 5-класста окуган кыз оор жарат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rios.07
2017-06-23 19:20:16
сакайып кетсин.
0
Yahoo
2017-06-23 20:16:55
жол жээгиндеги бактарды кыйбасын деген митингчилер кана?
+4
Dilnaz.kiko
2017-06-24 00:31:47
Кудай шыпаасын берсин кудай аркасына деле тушсо болот элего адам отурган жерге тушуптур,тезираак сакайып кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан