Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы газ саткан жайдагы болгон жарылуудан жабыр тарткандар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG'ге билдирди.
"Биздин борборго алынып келинген 3 жарандын жаракаты оор, денесинен 80, 75, 65 пайыз күйүк алышкан. Алар жандандыруу бөлүмүндө оор абалда. Дагы 3 жаран күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Алар денесинен 25-30 пайыз күйүк алышкан. Келгенден бери мындай жылыш болду деп айтуу кыйын, 25 пайыз күйүк да чоң жаракат деп эсептелинет. Алар толук түрдө дары каражаттары менен камсыздандырылган", - деди Кубатбеков.
Ысык-Көл районунун акими жабыркаган жарандарды борборго жөнөтүүгө 6 "Тез жардам" унаасы тартылганын айтат.
"Жарылуудан жабыркап Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жаткырылган 6 жаранды 23-июнь күнү Бишкек шаарына котордук. Аларды борборго жеткирүү үчүн 6 реанимобиль тартылды. Алар аймактык ооруканада жатып нес абалынан чыгышты. Дененин күйгөн жерлерин дарылоо үчүн мүмкүнчүлүгү, жабдыктары жетиштүү ооруканага которуу керектигин адистер айтышкан. Буга байланыштуу жабыркагандардын жакындарынын макулдугу менен борборго жөнөтүлдү. Жеткирүүдө аларды кыйнап алабызбы деген чочулоолор болду эле, бирок, Кудайга шүгүр, Бишкекке жакшы жеттик", - деди аким Данир Иманалиев.
Эске салсак, 19-июнда газ саткан жайда жарылуу болуп, 8 адам жабыркап 2 жаран көз жумган. Жабыркагандардын жетөө ооруканага жаткырылса, бир жаран үйдө дарылануу үчүн чыгарылган. Кийин, 22-июнда денесинен 100 пайыз күйүк алган жаран көз жумгандыгы маалымдалган.