Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Анда негизги күбө катары көрсөтмө берген орусиялык ишкер Алексей Модинге Текебаевдин жактоочулары суроолорун беришти. Андан "300 миң доллар кайсы түстөгү баштыкта болгон?" деп сурашканда, ал эстей албаганын айтты.
"Бул акчаны Талант Маматкеримов мага же Чотоновго бериш керек деп ким айтты?" - деп сурады Текебаев.
"Мен акчаны эсептеген эмесмин. Акча Маматкеримовго берилгенден кийин андан ары кимге, качан, кандай максатта берилгени белгисиз. Биз анын иш бөлмөсүндө "Альфа телеком" боюнча талкуулаган эмеспиз", - деп жооп берди Модин.
Ошондой эле Алексей Модин Текебаевдин суроолоруна жооп берип жатып, Максим Бакиев менен жолукканын тастыктады, бирок канча жолу жолугушканын эстей албай койду.
Суроолорго жооп берип жатып, Модин "Мегакомдун" башчысы кызматын ээлөөгө кызыкдар болгонун айтты. "Бул маселени Маматкеримов менен талкуулаганбыз, ошондуктан менде компанияны башкарууга ыйгарым укуктарым болуш керек деп ойлогом", - деди Модин.
Мындан тышкары ал Маматкеримов Чотоновдун тууганы болгонун айтса, Чотонов Маматкеримов анын айылдашы болгонун айтып, Модиндин сөзүн четке какты.