Шаардык сот Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды

Бүгүн, 4-майда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Бишкек шаардык соттун алдына митингге чыгышты. Бүгүн саат 09:30да аталган сот Текебаевдин баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин караш керек эле. Бирок сот отуруму саат 16:00гө жылдырылганы белгилүү болду.

10:28. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз: "Өмүрбек Чиркешович кандай гана кыйынчылык болбосун, эч качан качкан эмес, качырган. Эгер өлкөнүн жетишкендиктери менен мактана турган болсок, алардын баш-сабында Текебаев жүргөн. Өлкөдө парламентаризмди орнотууда анын салымы зор. Текебаев журт үчүн кызмат өтөгөн киши. Анын камалышына бир гана кошуна өлкөлөр эмес, Америка менен Европа да таң калып отурат".

10:45. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев: "Биз Текебаевге тагылган күнөө менен таанышып келдик. 3 жагдай бар экен. Шылуун Маевский "Маматкеримовго акча бердим" дейт. Андан ары бир да далил жок тергөөчүлөр ошол акча Текебаевге кетти дешет. Маевский айтып жатат: "Мен Москвадан 700 миң долларды Текебаевге жибергем",- деп. Азыркы мезгилде чоң акчаны жиберип жатканда, ким аркылуу жөнөтүп жатсаң, анын аты-жөнүн сурайсың да. Бул жерде да далил жок. Маевский Кыргыз өлкөсүнүн жараны эмес, ал өлкөбүздө бир чымчык баккан эмес. Бирок бийлик ага ишенип, биздин жараныбызды камап жатат", - деди Иманалиев.

10:56. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бийлик түрмөдөгү эки "зек" менен иштешип жатканын айтты. "Бийлик биздин жарандарыбыздын укугун коргобой, түрмөдө отурган Абеков менен Юсуповду коргоп жатат. Демек, таянарга эч ким жок, ушул эки эле "зек" калды. Бийлик кантип кадыр-баркка ээ болот. Алар экөө таза болсо, эркиндикке чыгышпайбы. Текебаевдин камалганына 75 күн болду. Биз 11 депутат кире албай койдук. Ал эми түрмөдө жаткан Абековдон КТРКнын журналисттери резиденциядагыдай интервью алып жатышат. Ушул калыстыкпы?" - деди Иманалиев.

11:06. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов: "Бүгүн тынч митинг аркылуу сотко бийликке жеткирели деп жатабыз. Бүгүн биз сотторго ишенбейбиз. Бирок биз үмүт кылабыз. Текебаев боштондукка чыкмайынча митингге чыга беребиз. Кечээ эле Текебаевди жамандап жүргөндөр бүгүн анын баркын билип жатышат. Парламентте да Текебаевдин жоктугу сезилип жатат".

11:14. Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги аяктады. Бүгүн саат 15:30да Бишкек шаардык сотунун алдында уланмай болду.

16:20. Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги улантылды. Шаардык сот Текебаевдин баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин мурдагы аскер сотунун имаратында карай турган болду. Акыркы маалыматтарга караганда, сотко Текебаевди алып келишти. Жактоочу Чынара Жакупбекова соттун имаратынын ичине кирип кетти. Учурда соттун алдында Текебаевдин 50гө жакын тарапташы плакаттары менен турат. Жогорку Кеңештин депутаттарынан азырынча эч ким көрүнбөйт.

17:23. Митингчилердин катарына Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары келип кошулду. Алар: Бахадыр Сулейманов, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Наталья Никитенко.

17:32. Шаардык сот Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Чолпон Жакупбекова билдирди.

17:34. Текебаевдин тарапташтарынын бири 66 жаштагы Ырыс Ахумбаева шаардык соттун чечимин уккан соң ыйлап жиберди.

17:40. Мурдагы аскер сотунун алдында Текебаевди колдоо митинги аяктады. Экс-депутат Асия Сасыкбаева кийинки митинг боюнча алдын ала кабарлай турганын жана Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга (2017-жылдын 25-апрелине чейин) камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылган. Мындан улам 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырган.

Митинг: Текебаевдин камакта жатканына 75 күн болду
Текебаевдин баш коргоо чарасы каралды, митинг уланды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
meni_kut
2017-05-04 10:15:20
Ушундан коро супер инфого чыккан оорукчан балдарын дарылатуу учун виза алалбай жургон аялга жардам бергиле деп митинг кылбайсынарбы?Текебаев бошолсо чондорду чукуйт жб.Рак оорулуу балага Нюша жардам берди,уяты жок чондор(арасында Текебаев деле бар)жардам беришкен жок.
-23
Salman.eldar
2017-05-04 18:07:34
meni_kut, суйлогон созунду ойлонуп туруп анан жазчы ээ, темага кичине уйкаштырып!
+8
ABDulHai
2017-05-04 10:38:08
Башталдыбы дагы
-15
Asedullah1996
2017-05-04 11:32:36
Урматтуу Омурбек Текебаев Чиркешович!!!Жараткан колдосуз сиз аксыз мен ишенем
+14
barakcha
2017-05-04 12:50:17
О.Чиркешович!Ак ийилет бирок сынбайт!Элди ойлогондор ак иштегендер бийиликке жаккан эмес.Сизди Кудайым колдоп,элибизге кайтарып берсин.Сиз азыркы тапта элибиздин башына ар кандай кырсык келип турганда абаадай керексиз.
+19
Sagyn.91
2017-05-04 17:52:34
Же нары же бери кылышпады! Качан караба " жылдырылды, калтырылды, тергоо журуп жатат" ж.б.у.с. деп басып журосунор. Мунун ишин тергеп буткочеин дагы бироосунун корустонунун устуно чоп чыгып калат. Мындан башка ишинер жокбу билбейм, же убакыт откорушбу, эрмек кылып!
0
Santanna
2017-05-04 17:58:07
Бийлик Садыр мн Текени бошото койбой ушинтип шайлоого чейин барсак Шайлоо бп озум кайра бийлике келсем ушинтип баарын сазайын берип журо берем деп ойлоп жатат окшойт.Эгерде Шайлоодо Атамбай отсо Элдин баары чыгыш керек карщы митинг уюштуруп,Элдин уже канчалык денгээлде Атамбаевди колдоору уже анык бп жатат.Бийликтен азыр кетседа ыраазыбыз.
+8
Abdyrashit.Satylganov
2017-05-04 18:18:22
Ушул бийлик мышык чычкан ойното бербей, же ары, же бери кылып жыйынтыгын чыгарышпайбы, элди кайра кайра дүрбөтө бербей....Өзү булар кармашын кармап алып, дадил таппай жүргөнго сыягы..28 майда деле эч нерсе өзгөрбөйт, дагы бир аз сүрүп коёот.андан көрө үй камагына чыгарып, андан кийин далил издешпейби
+5
Ananasky
2017-05-05 02:07:46
А бийлик коркок алсыз экенин корунуп турат же камай албай же бошото албай айлан кеттиго Теке чыкса кунунор буттуго дейм азыркы бийлик жана кошоматтары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан