Учурда социалдык тармакта боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, сатылып жатканы тууралуу маалымат тарады. Ал эми SUPER.KG`ге Нуржан Алымканова аттуу колдонуучу буларды билдирди:
"Боз эчки эмердин сүрөттөрүн тааныш туристтер жиберди. Аларга жергиликтүү тургундар кызыктуу нерсе көрсөтөбүз деп ошол айылга алып барышкан экен. Туристтер аны көрүп, оозу ачылып, араң эсине келиптир. Окуя 27-июнда Баткендеги Таян айылында, Сох анклавынын тушунда болгон. Тургундар эчки эмерлер 2 миӊ сомдон сатылат деп айтышыптыр. Аябай сейрек кездешет, бирок элдер алардын кимге кереги бар деп жазып жатышат, демек, бул маселеде эл караңгы", - дейт.
2016-жылы Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыздын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айып өлчөмдөрүн
жарыялаган. Анда боз эчки эмер Кызыл китепке киргизилгени жана аны мыйзамсыз атуу, кармоо жана жок кылгандыгы үчүн
4000 сом айып пул салынары көрсөтүлгөн.
Маалымат үчүн: Боз эчки эмер (дагы бир аталышы боз зем-зем, Орто Азия фаунасындагы ири кескелдирик) Иран, Афганистан, Орто Азия жана Түштүк Казакстандын бир топ аймактарында байырлайт. Ал эми Кыргызда тоо этектеги зоналарда, капчыгайларда, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө мурун кездешкени айтылат. 1985-жылы Ош шаарына жакын издери табылган, 1992-жылы Көк-Жаңгак шаарына жакын, 2005-жылы Баткен облусундагы айылдардын биринде байкалган.