Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Заноза" сайтынын журналисти Нарынбек Идиновдун (Нарын Айып) үстүнөн президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деген Башкы прокуратуранын доо арызы каралууда. Башкы прокуратура бул арыздын негизинде "Заноза" сайтын негиздеген "Промедиа" фондунан 3 миллион сом, журналист Нарын Айыптан 3 миллион сом талап кылууда.
Саат 09:30га белгиленген отурумда мамлекеттик айыптоочу ишке тиешелүү кошумча документтерди алып келгендигин судьяга билдирди. Идиновдун жактоочулары кошумча документтер менен таанышууга убакыт сурап, судья бир саат тыныгуу жарыялады.
"Заноза" сайтынын журналисти Идинов: "Бүгүнкү сотто менин 2015-жылы 22-октябрдагы макаламда "Атамбаев театрларга, кырсыктан каза болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардамдарды берип жатат. Тээ бир кездери Чыңгыз Айтматов "мен Москвадан 50 миллион рубль алып келсем кийин дайыны чыкпай калды", - деп айтып жүрчү. Президент берип жаткан акча, балким, ошол жактандыр", - деп жазгандыгым боюнча Башкы прокуратура сотко доо арыз берген. Бүгүн ошол макала каралууда. Мындан башка да Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу жазылган макалаларым боюнча да бар. Менин үстүмөн азыр жарыяланган 5 макалам боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди деп прокуратура сотко берген", - деди Идинов.
Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.