Спорт чебери, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбековдун эки көзүнө операция жасалды. Мындай маалыматты спортчу социалдык түйүн аркылуу кабарлады.
"Көзүмө жасалган операция ийгиликтүү өттү. Мындай болорун эч ким күткөн эмес. Мен үчүн күйгөндөргө ыраазычылык билдирем. Кимдир бирөө каражат жагынан, дагы башкалары абалымды сурап жатышты. Эң негизгиси кыйын күндөр артта калды", - деп билдирген Касымбеков.
Эске салсак, буга чейин спортчунун көзүнө шашылыш операция жасатуу зарылдыгы жаралып, ал үчүн 3 миң доллар жумшалары айтылган.