Алмазбек Атамбаев "Кыргыз жери Орусияга чет өлкө эмес, бир туугандардын өлкөсү" дейт

Бүгүн, 3-июлда Бишкекте Алмазбек Атамбаев Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Кыргыз өлкөсүнүн башчысы Атамбаев: "Мен сиздин келишиңизге абдан кубанып турам. Сиз, албетте, түз эле Ысык-Көлгө келсеңиз болмок. Президент катары мен үчүн бүтүндөй өлкө үчүн сиздин ар бир келишиңиз чыныгы достун келүүсү. Сиздин акылман башкарууңуздагы Федерация кеңеши Кыргыз Республикасына бардык маселелер боюнча жардам берет. Мен билем, сиз дайыма биздин кызыкчылыкка колдоо көрсөтөсүз. Жумуш менен эле жүрө бербей Ысык-Көлдү да жакындан көрө кетсеңиз. Мен каалайт элем Орусиялык достор, саясий салмагы бар жетекчилер акырындап Ысык-Көлгө эс алуу жайларын куруп баштаса, бат-баттан келип турат элеңиздер. Ал жактын куму эч бир жерде жок", - деди.

Матвиенко чет өлкөлөргө мындай нерселерди курууга мыйзам жол бербесин белгиледи.

"Бул жер чет өлкө эмес, бир туугандардын өлкөсү. Мага ишенип коюңуз, Орусиянын президенти Кыргыз өлкөсүнө уруксат берет", - деп тамашалады Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан