Бүгүн, 1-июлда "Ала-Арча" резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземи өтөт. Жалпысынан бул жылы 52 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болгон. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева да катышат. Алтын сертификаттарды өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өзү тапшырат.
Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку делген 237 баллды Бишкек шаарынын №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Данияр Ибраимов алган.
Эскерте кетсек, быйыл өлкө боюнча ЖРТга 50 039 бүтүрүүчү катышкан.