Бишкекте сөз эркиндигин коргоо комитети тегерек стол өткөрүп, талкуу учурунда жактоочу Нооманжан Аркабаев №1-тергөө абагында жаткан Садыр Жапаровдун талапкерлигин каттоого мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты.
“Бул жыйынга маалымат каражаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү катышып жаткандыктан, мен Жапаровдун жактоочусу катары 1-2 ооз сөз айтам. Арыз алып барсак, Садыр Жапаровдон ишеним кагазын күбөлөндүрүп, №1-СИЗОнун жетекчилигинен мөөр бастырып келгиле дейт. СИЗОго барсак, сотко баргыла дейт. Сотко барсак БШКга баргыла дейт, ошентип эле убакытты уттуруп жатабыз”, - деди Аркабаев.
Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева бул маселени такташарын билдирди:
“Мен Садыр Жапаров боюнча сурагам. СИЗОнун жетекчилиги мөөр басып бербей жатканын билдиришкен. Эгер бул норма аткарылбаса, БШКга кайра жазгыла, прокуратурага кайрылыңыздар. Мен сиздин абалыңызды түшүнөм. Биздин жумушчу топ бул жумушту жасашы керек. БШКнын көп мүчөлөрү учурда мындай абал түзүлүп жатканын билишпейт. Ошондуктан бул маселени сиз менен такташып чечебиз”.
Мындан сырткары тегерек столдо шайлоо кампанияларын уюштуруу, үгүт материалдарындагы эрежелерди сактоо маселелери каралып, күздө өтүүчү президенттик шайлоодо административдик ресурстардын колдонулушуна, тышкы күчтөрдүн таасирине жана добуштарды сатып алууга бөгөт коюу маселелери талкууланды.