Алай районунда аты менен сууга агып кеткен тургун изделүүдө

Алай районунда аты менен сууга агып кеткен тургун изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июль күнү Көк-Суу айылынын Көк-Бел тилкесинде өзүнүн малдарын карап жүргөн 1959-жылы туулган А.Н. Көк-Суу суусунан ат менен өтүп бара жатып, агып кеткен.

"Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлдү, натыйжа болгон эмес. 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылган. Издөө иштери бүгүн да уланууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан