Бишкек-Токмок унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду

Бишкек-Токмок унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 07:00 чамасында Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Анда чыгыштан батышты карай келе жаткан жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mahbu.kg
2017-07-08 08:29:08
:((((жаткан жеринер жайлуу бн!
0
kanatbekabytovich82
2017-07-08 08:34:33
Эй бир праваны алган сон анырандабай акырын жургулочу эй......Тим эле миллиардты оборотко салып койгондой чалкалап,мен кыйын ,мен басам дегенинерди токтоткулачы эй!!!Анан окмот дагы жол белгилерди коюп,боегу очуп калса боеп,анан жолдогу полосаларды чызып койсонор болот беле дейм да???Именно ошол жол знактар,жол полосалар жоктугунан дагы коптогон авариялар болуп жатат эээээээй окмот!!!!
+6
rysik79
2017-07-08 09:24:43
Кудайым сакта!!!
0
jumatone
2017-07-08 09:47:50
Ысыкта талыкшып кетсе керек айдоочу
0
Aisuluu22
2017-07-08 09:51:37
Иии байкуштар ажал да.Жаткан жерлери жайлуу болсун..Туугандарына сабыр берсин .
0
Azat.97
2017-07-08 10:00:50
уктап кетсе керек да танкы саат 7 де трасса ээн эле болот болуш керек.акырын айдаш керек абайлап.жаткан жерлери жайлуу болсун.
+1
aerforce
2017-07-08 23:51:16
Эх, мен тааныган кошуна кыз каза болуп калды аябай татына ыймандуу кыз болчу алдындан чыкса саламатсызбы деп учурашып турчу жаткан жерин жайлуу болсун бейиштин торун берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан