Дмитрий Песков: "Путин Трамп менен биринчи жолугушуусуна канааттанды"

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп биринчи жолу жолугушуусуна эки тарап тең канааттанды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков чет элдик телеканалга берген маегинде билдирген.

“Путин жолугушууга ыраазы болгонун ишенимдүү айта алам. Мен Трампты жакшы билбейм. Бирок мага аны дагы жолугушуу канааттандыргандай сезилди”, - дейт ал.

Песков эки тараптын сүйлөшүүсүндө жеңүүчүнү аныктоого аракет кылуу маселенин маанисиздиги деп эсептей турганын айтты. Ошондой эле Путин Трамп менен эле баарлашпай анын жубайы менен дагы салтанаттуу түштөнүү учурунда сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Эске салсак, 7-июлда Германиянын Гамбург шаарында АКШ жана Орусия президенттери алгачкы жолу жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан