Уулун Москванын СИЗОсунан чыгара албай жаткан кыргыз эне: "Уулумду Өзбекстандын чек ара кызматы издөөгө бериптир"

Орусиянын Москва шаарында иштеген Апиза Бактораева бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына 1996-жылы туулган уулу Талантбек Дехконовду 2 айдан ашык убакыттан бери Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан чыгара албай жатканын билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5-майында уулу Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга учуп барган. Учактан түшөр замат издөөдө болгону үчүн чек арачылар тарабынан кармалган.

"Мен өзүм Кара-Жантак айылынан болом. 2 жыл мурун уулум ошол айылдан Кадамжайга келе жатканда өзбек чек арачылары кармап алышып, "соттойбуз" деп уруп-согушуптур. Балам качып кутулган. Андан бери Кыргызда аскер кызматын өтөгөн, Кыргыз жараны. Өзбекстан баламды "чек араны бузган" деген айып тагып, издөөгө бериптир. Орусиялык чек арачылар Өзбекстанга Талантбек кармалганы тууралуу маалымдашыптыр. Эми алардан жооп келсе, Өзбекстанга кетиришерин айтып жатышат. Менин уулум Кыргыз жараны, элчиликке барсам, жыйынтык чыкпай жатат", - дейт Апиза Бактораева.

Апиза Бактораева уулун Өзбекстанга кетирбөө үчүн болгон аракетин кылып жатканын айтып, бирок бири да ишке ашпаганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AzKumFerDan
2017-07-11 16:29:29
Бечел Элчилик иштебейт вообще
+28
daniel87
2017-07-11 16:58:14
Жакшы адвакат кереггго!элчиликк жардам бериш керек
+15
meni_kut
2017-07-11 17:29:02
Элчиликке кайрылсанар супер инфо
+11
raykray
2017-07-11 20:27:01
ух журогум ооруйт, Ошо каражантакта жашап аткан кыргыз бир туугандарыбызды озбектер каалгандай азап берет кыйын эле байкуштар, уйун сатса сатып сатпаса жок саткандарында озбектер айлажоктун иши деп арзан сурашып арзан сатышып, эптеп Кыргызстанга отушуп атат, тууган урук ата энеси калгандар баарибир кирет чыгат, аялбы эркек жашбы эркек канчасын атышты [moderated](((, баласын эптеп коргоп алса экен
+8
aragorn11
2017-07-12 09:34:10
Башка адамдын башына тушпосо экен. Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан