Айчүрөк Иманалиева: "Анжелика, сүрөтүң эмес, атыңды да уккум келбейт"

2 күндөн бери интернет айдыңында ырчы Анжелика Бекболиева менен ишкер, маркум Мухтар Өмүракунов экөөнүн кол кармашып түшкөн сүрөтү кызуу талкууга алынууда. Бул тууралуу Анжелика сүрөттү мындан 10 жыл мурун устаты Айчүрөк Иманалиева тартканын жана арадан бир топ убакыт өткөн соң элге жарыялап жатканын билдирген. Ал эми Айчүрөк Иманалиева өзү SUPER.KG порталына сүрөттү тартпаганын жана таратпаганын айтып, Анжеликага кайрылуу жасады.

“Буга чейин "Айчүрөк Иманалиева Анжелика ырдап жатканда музыканы өчүрүп салыптыр" деген маалыматты окуп, теңелбей эле коёюн деп унчуккан эмесмин. Эми интернетти аралап жүргөн сүрөтүңө да мени күнөөлөп жатыптырсың. Мен сенин сүрөтүңдү сактагыдай сен эмне, менин сүйгөнүм белең? Сенден көңүлүм калган күнү бардык сүрөттөрүңдү өчүргөм. Сүрөтүң эмес, атыңды да уккум келбейт! Күнөөнү менден эмес, сени мага кайраштырган жаныңдагы адамдардан изде. “Байке (ред. Мухтар Өмүракунов) кымбат фотосессия жасатып берейин деп жатат, чогуу барып келеличи” деп суранганыңда макул болуп, бир хан сарайга (особняк) барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп 10 мүнөткө эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп сүрөткө түшүп жатыптырсың. Ошол жерден кийимиңди үстүңө жаап, кыйкырып ыйлап, “менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар?” деп фотографтарды урушкам. “Бул сүрөт коомчулукка тарап кетсе, сотко берем” деп коркутуп, ал үйдөн сени колуңдан жетелеп алып чыгып кеткем, унуттуңбу? “Чыгарбагыла” дебегенимде ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз эмес, сүрөттөрдү сен айткандай 10 жылдан бери сактап жүргөн болсом, буга чейин эле колдонбойт белем. Сага башканын тилин турмак, көзүн тийгизгенден кызганып, калкалап турганымды сен билбесең да, Кудай билет! Эми болсо бул сүрөттөргө мени күнөөлөп жатасың. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жаткан адамдар менин айтуум боюнча эле сүрөткө түшүп бермек беле, калп айтсаң да окшоштуруп айтчы!” - дейт ырчы ачууланып.

Ал эми интернет колдонуучулар сүрөттөргө карата ар түрдүү пикирлерин жазышууда. Алардын жарымы “өлгөн адамды да тынч койбойт экенсиңер” деп нааразы болушса, айрымдары “атактуу адам бир күндө 100 адам менен сүрөткө түшсө керек, кумурскадан пил жасабагылачы” деген ойлорун калтырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (92)
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-13 19:44:46
Анжелика деле уялбайт экен ушунча болду тиги суротун да чыгарып койгула да биз да королуу)))
+9
bema_bema
2017-07-13 20:38:23
Анжелика ото кыйтыр, акчага кызыкканы билинип эле калат.Озу иштерман аял болуп устатын иштесе болмок дегенин окуп кулкум келди.Айчурок эженин балама алып берейин деп ойлонуп журдум эле деген макаласын окуп калдым эле,жаман ойу болсо озу эмне кийсе ошону кийгизип эмне жесе ошону жедирип жанында алып журот беле. Алты жаштагы кызды кызындай кылып чонойтуш озу эрдик.Анжелика байлыка кызыккан учун эрте озунон кыйла жаш чон бизнеси бар жолдошу Урматка турмушка чыгып кетти. Эми актаныштын кереги барбы
+10
Kulpunayabdivaitkyzy
2017-07-13 20:54:38
Чындыгында мага Айчурок жакпайт. ырларды талашып эле журот кыйратып ырдагансып
-8
Pchelka85
2017-07-13 21:00:28
Кээ бир коментарийлерге тан калам. "Айжан Акылбекова эмне дейт болду экен" деген. Вообще то Айжан озу Муктар мырзанын Экинчи жубайы эле го.. Ал эмне деши керек. давайте смотреть правде в глаза.. Анжелика менен Айжандын айырмасЫ- Айжан Муктар мырзага Экинчи аял болсо да тийди. Анжелика Жок. Вот и все. Экоо тен билишчу да Муктар мырза уй-булолуу адам экенин. Билип туруп мамиле тузушту. Айжандын озун сыйлайм. Акылдуу аял. Ал тенелбейт болуш керек . бирок чындык есть чындык.
+6
Alina1984
2017-07-13 22:03:41
Мухтар Омуракуновдун биринчи жубайы сотко берсе болмок экоону олгон адамдын ар намысына шек келтиргендиги учун,ошондо экоонун жаагы басылат беле
-3
MUSLIM-81
2017-07-13 22:07:35
Дагы башталыптырда а?
+2
admin_superstan
2017-07-14 12:11:45
Asyl10, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазып, аны каралоого тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
-1
admin_superstan
2017-07-14 12:12:28
Aidani, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
-1
kalys.aman
2017-07-14 12:57:32
Урушунарды коомчулука жарыя кылбай эле ич ара урушсанар болмок мына эми озунордун эле кадыр баркынар тушуп атат экоонтен эл оозуна алынып калган таанымал адамдарсынар
0
Altysha89
2017-07-14 16:33:14
Тооба ар куну ушулардын бутбөгөн ойлонууга арзыбаган темасы.... Бул жалган жашоодо бири бириндин сындап сырларынарды ачып , калайык калын журтка маскара болдунар го. .. силер элдин адамы экенинерди унутуп калгансынар сыягы. ..
0
Medinaa
2017-07-15 11:23:02
Уят эле.Айчүрөк эже ушунун баарын айтышты кереги бар беле?!Кудай көрсөтөт!Мейли Анжелика куу,жаман болсун жүрөгүм ооруп кетти((Айыгып кетсин.
-4
Sarinakg
2017-07-15 15:47:45
Айчурок эже уят сизге сизден башка ким сактайт эле суроторду.Анжелика тизелеп эле кечирм сурап махабат колун ыр дабай эле кой эми
-3
Asol.Aslo.
2017-07-16 11:25:37
Элестетсенер эй озунор деле... Бироонун кызын бактынар, остурдунор, мунозуно чыдап, онору жок болсо да элге тааныттынар, бир уйдо чогу жашадынар. Анан ошол кызынар силердин арканардан жаман суйлосо эмне болосунар??? Озундун баланар каяша суйлосо нерв иштетесинер, бироонун баласына жон эле да эй... Эгер Анжеликага жаштайынан жакпаса кетип калбайбы Айчурок эжеден... Кызыксынар эй силер дагы...
+1
Malika96
2017-07-16 20:51:23
Баарын XXX Айчурок ушул айымдвн урушу бутподу былтыр да Гулнур менен урушкан 2018 ким менен урушат болду экен тооба, Айчурок Анжелика Муктар госницага барса Анжеликаго анда жаш экен а Айчурок кой дебейби баарын XXX болуп корунот. Менин ойум бойунча Айчурок эле кылып жатат баарын XXX, Айчуроктун да мындан да хужа суроттору болсо керек.
0
aika2013
2017-07-18 15:07:50
Айчурок эже рас кылат!!! Анжеликага чала болот! Энесиндей аялга тенелем деп не болуп атат, тенелбейле коюш керек, уялбай сабатып анан , Кудайдан Корк,Анжелика!!! Айчурокко да обидно да, кичикейинен остургон кыз, чоноюп алып кылыгын корсотсо мына сага деген да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан