Кытайда "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобо камакта каза болду

Кытайда "Нобель" сыйлыгынын лауреаты, белгилүү укук коргоочу Лю Сяобо 61 жашында камакта дүйнө салды. Бул тууралуу кечээ, 13-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, укук коргоочу өлүмүнөн бир ай мурда боордун рагынан улам түрмөдөн Кытайдын түндүк-чыгышындагы ооруканага которулган.

Лю Сяобо 2009-жылы Кытайга көп партиялуу системди киргизүүгө бийликти, элди чакырган соң бузуку ишмердүүлүгүн жүргүзгөн деп айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

2010-жылы ага "Нобель" сыйлыгы ыйгарылып, мындан улам Кытайдын Тышкы иштер министрлиги норвегиялык элчиге протест жарыялаган. "Нобель" сыйлыгын берүүчү комитеттин мүчөлөрү Лю Сяобону "Кытайдагы адам укугу үчүн күрөштүн башкы символу" деп аташкан. Бирок Кытай бийлиги укук коргоочуга сыйлыкты тапшыруу аземине катышуусуна уруксат берген эмес.

Июнь айында Лю Сяобонун рак илдетине чалдыкканы белгилүү болуп, ооруканага которулганда батыш өлкөлөрү бийликке укук коргоочуну чет өлкөдөн дарылануу үчүн бошотуусун суранып кайрылышкан. Пекин бул сунушту четке кагып, Лю Сяобонун алыс жолго чыгуусуна ден соолугу жол бербей турганын билдирген.

Укук коргоочунун жубайы Лю Сяга эч кандай күнөө коюлбаса дагы 2010-жылдан бери үй камагында. 2013-жылы анын бир тууганы алдамчылыкка күнөөлөнүп, 11 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adimyrza
2017-07-14 12:56:27
Президенттике талапкерлигими мен да койот окшойм менден башка баары барго колдоп койосуздар да а супперчилер
+5
Shekeev969798
2017-07-14 17:07:40
adimyrza,колдойбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан