Ошто аксакал 61 жыл чогуу жашаган кемпирин малды жакшы карабай койгону үчүн бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалды

Ош шаарында 85 жаштагы аксакал 79 жаштагы кемпирин бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалганын 18-июлда SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү саат 18:40 чамаларында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жапалак айылында улгайган аялдын канга боёлуп жерде жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, оперативдүү топ окуя болгон жерге барган. Оперативдүү топ кароо учурунда улгайган аял моюнуна бычак сайылып каза болгонун жана ал 1938-жылы туулган жаран экендигин аныкташкан.

Кемпирдин өлүмүнө шектүү катары 85 жаштагы Т.М. аттуу абышкасы кармалды. Ага карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Шектүү көрсөтмөсүндө аялы малдарына өз убагында жем-суу бербей койгондо катуу айтканына каяша сүйлөгөндүктөн бычак менен моюнуна сайып жибергенин, ал көп кан жоготуп каза болгонун айткан. Экөөнүн турмуш курганына 61 жыл болгону маалымдалды. Ортосунда 2 уул, 4 кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
haydarkan
2017-07-18 17:18:52
Ээх чон ата каарыганында калжандапсынгоо. Жон эле отурсан болмок торунон корун жакын калганда. Эми олдунго туболуко кесилесингоо
+3
forester
2017-07-18 17:46:09
Аксакалдын боюу узун экен.
0
erkeleim
2017-07-19 00:16:24
forester,бирок акылы кыска экен
0
anelya_kaparova
2017-07-18 17:47:25
баягы эле арактын айынан. Атакебай, эмнеге ичтиң экен((((
-3
nursiyanur
2017-07-18 17:52:36
Уят эле тообо
-1
ayjan_90
2017-07-18 18:13:19
Эхх турмуш 61 жыл чогуу жашаган кемпирин ушундай кылып атса байкуш кемпири 61 жыл ысыгына да суугуна да чыдап жашап келсе а чалы минтип сыйлабай олтургону эмнеси мал жандыкты озу караса эмне болот кемпирине каратпай
0
tulpar90
2017-07-18 18:17:38
Тообо кылдым оо кудай ар бирине ыйман бере көр.
+2
allanna
2017-07-18 18:51:18
Кудай сактааа ишениш кыйын,балким башка бироонун кылмышын жашырып моюнуну алгандыр
-2
RusMos76
2017-07-18 19:09:05
85-79 деген кандай жаш, мал каратпай деле койсо болмок да, мындай жашта жаш баладан да ишенчээк, таарынчак, сабырсыз болуп калат да. Не дейбиз кайрат кылгыла.
+3
dastan_nookat
2017-07-18 19:30:39
"Баары бузулдуу заман да адамдар да"
0
Zynk.kg
2017-07-18 22:30:35
Жапалактыктар жата калып ат уркутот деп койушатко.
0
jasgul
2017-07-18 23:01:24
Zynk.kg, Жапалактыктын жакшысы жата калып ат уркутот дейт
0
meni_kut
2017-07-18 22:34:04
мал караган неберелери келиндери кайда экен,мин наалат
+1
kanatbekabytovich82
2017-07-18 23:04:08
Астахфирулло.....
0
admin_superstan
2017-07-19 09:25:30
Revolyutsiya2, ayjan_90, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-07-19 09:27:54
jbolotov, саясат бөлүмүндө провокациялык билдирүүлөр көп болгондуктан талкуу жабык. Порталдын ишмердүүгүнө байланыштуу сын-пикирлер атайын дарекке жиберилиши керек.
0
Sveta23
2017-07-19 16:37:47
Каякка барып өлсөм. Тооба миң жолу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан