
Кытай бийлиги 18-июлдан тарта жарандарына WhatsApp мессенжерин колдонууга тыюу сала баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү мындай кадамга интернетке болгон көзөмөлдү жакшыртуу максатында барган. Кечээтен бери көптөгөн колдонуучулар бири-бирине WhatsApp аркылуу аудио жана видеофайлдарды жөнөтө албай, айрымдары текст менен билдирүүлөрдү жибере албай калышкан.
"Ушул жылдын күз айында Кытайда Коммунисттик партиянын 19-съезди болот. Андыктан бийликтин мессенжерге тыюу салуусу бул окуяга байланыштуу өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоого болгон аракети болушу мүмкүн. Мындан сырткары интернеттеги цензураны күчөтүүгө "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобонун камакта каза болгонуна байланыштуу талкуулар себеп болгондугу айтылууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2009-жылы Кытайда Фейсбукту, 2014-жылы Инстаграмды колдонууга тыюу салышкан.