Коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун "Ата Журт" партиясынын курултайында улутка тийиштүү сүйлөгөн сөзүнө филологиялык-саясий экспертиза дайындалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын өкүлү Кубан Арзыкуловдун SUPER.KG'ге билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгына ылайык Бекназаровдун сөзүнө баа берилет.
Эскерте кетсек, 18-июлда Бишкекте "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүп, Азимбек Бекназаров чыгып сөз сүйлөгөн.