Чолпон-Атада президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтүүдө.
Президент Белиз окуясы боюнча комментарий берди.
"Белизгейт" менин көзөмөлүмдө. Прокуратурадан улам маалымат алып турам, бул ишти унутулду дегенге болбойт. Мени атайын унуттуруп жатат дебегиле, мен унуткан жокмун. Прокуратура кат жиберип (Белизге), кат алып жатат. Мен айткандай эле, бул иш тастыкталбаса УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жооп берет. Иш жүрүп жатат, мен кызматтан кеткиче жыйынтыгы чыгып калышы мүмкүн", - деди президент.
Атамбаевден мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин укук коргоо органдары тарабынан кармалганын, бирок анын тагдыры жөнүндө коомчулукка маалымат берилбей жатканын сурашты журналисттер. "Мамбеталиев 14 жыл мурун жан сакчым эле, андан бери менде көп жан сакчылар болду. Мамбеталиевди дагы деле мага жармаштыра берүү туура эмес", - деди Алмазбек Атамбаев.