Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү боюнча курама командасы Казакстандын Астана шаарында 20-28-август аралыгында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнөн көк бөрү боюнча курама командасы түзүлдү. Алар эки этаптык окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Биринчи этап 5-22-июль аралыгында өтсө, экинчи этап 26-июлдан баштап 4-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү курама командасы:
Жолдошбек Орозбаев минген аты Арбат;
Тынчтык Кабылбеков минген аты Торпеда;
Карыпбек Эшиев минген аты Эрке-тору;
Бактияр Жабагиев минген аты Шумкар;
Урмат Раушан уулу минген аты Ахилес;
Сейтбек Анарбек уулу минген аты Алтын-Каз;
Кубаныч Султан уулу минген аты Атаман;
Рустам Тыналиев минген аты Комбат;
Манас Ниязов минген аты Бойка;
Таштемир Замирбек уулу минген аты Алай;
Нурманбет Койчукеев минген аты Туман;
Аскат Батырбек уулу минген аты Токмок.