26 жаштагы ырчы Самара Каримова "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчиси болуп дайындалды

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Самара Каримованы "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчилигине дайындоо тууралуу буйрукка министр Түгөлбай Казаков бүгүн, 28-июлда кол койгон.

Бул маалыматты Самара Каримова өзү да тастыктап, жетекчилик кызмат чыгармачылыгына жолтоо болбойт деген пикирин билдирди.

"Ооба, бул маалымат чын, буюрса, чыгармачылыгыма жолтоо болбойт деп ойлойм. Жашпыз, иштешибиз керек. Биздей жаш кадрларга колдоо көрсөткөн Түгөлбай Токтогуловичке ыраазычылык билдирем", - деди Самара Каримова.

Айта кетсек, "Сулайман-Тоо" музейи ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.

Ушул жылдын апрель айында ырчынын жолдошу Асан Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча маданий борборунун башчысы кызматына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (54)
SansaNePredaiJohna
2017-07-28 19:58:53
туголбай казаковду сыйлачуумун. бирок кандай критерия менен тандаптыр. маразм.маразм
+7
legion-arbat
2017-07-28 20:20:29
Кайран Самаш жарайсын жаш кезинде баарын жайлап бутурдунго.эмнен менен жетекчи болуп дайындалдын экен.
+3
suiorkull
2017-07-28 20:31:12
көрө албас XXX
-25
Nurbol
2017-07-28 20:58:35
Музейге жетекчилик кызматка ырчынын кандай тиешеси бар? Тарыхчы,опыты бар, салт санааны билген инсандын иши го ал... Самарада андай нерсе жок го. Ошончо болгон экен самарага караганда Сайкалга берсенер болмок
+15
Aitun
2017-07-28 23:05:39
Жакында мэр города болсо тан калбай калдыкго
+12
Bahira
2017-07-28 23:12:10
Тооба, дунуйо деп олойун деп калышыптыр.....
+8
arzygulR
2017-07-29 00:36:58
Озу деле уялса болмок
+6
Baku88
2017-07-29 02:52:03
Ийгилик каалайбыз
-2
Aidani
2017-07-29 06:04:17
Самара мен сени ырчы каьары сулуу, бактылуу, акылдуу, айым катары сыйлайм. Бирок сени акылдуу деп журсом уят кылдын алтыным. Жашын деги жаш журналисттик билимин бар, бирок ошол директорлукту жон эле койсон боло ойлон жакшылап, сенден башка да адамдар НАН таап жесин, жокчулук деги башындан откон, ошол кезинди бир Эсте ушунчалыкка шугур кыл, олсок 2, мерт ак эле буйруйт бизге улуу эле бироого откоруп бер. Уял
+1
didu
2017-07-29 06:23:54
азаматсын Самаш музейге эл коп Барат каралманы чекесине кочуруп ал
+1
Gukush8993
2017-07-29 11:42:45
Бул эжебизди таблица билбейт го анан кантип директор болот эми болупсуз жаттап алыныз откондогудой уят болбой 7жерде 8 десе билбейм дебей
+1
raykray
2017-07-29 13:31:42
Бир сайттан окудум эле СТ музейин директору Ошо жерде иштегендерге орой мамиле кылат аялдарга уят создорду суйлойт озунун баласы шофер служеб.машинаныда корбодук, айлык чыгат деп, карочи музей отоле эскирип баратат Ким болсода жакшы карп,барктап алсак, жеседа ичседа иштесе экен,
+1
Gulia88
2017-07-29 13:47:04
Самара Эми зорго 26жашка чыкканбы абдан каары корунот экен анда,тарыхты маданиятты билет бекен,,,же мен апамды койногунон тааныгам дейт бекен,жон эле ырдап эле журсо болмок коробуз иштегенин
+1
admin_superstan
2017-07-31 12:26:09
altyshka_23, Mikra, surgeon777, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-07-31 12:26:56
talas0707, ZANIA-92, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуздар. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан